Депутат: "Казакстанда кармалган Дамирбек Асылбек уулуна биздин өлкө көңүл бурбай жатат"

Дамирбек Асылбек уулуЖогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Казакстанда кармалган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулуна Кыргыз өлкөсү көңүл бурбай койгонун айтып чыкты. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүнкү, 1-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Депутаттын пикиринде, Кыргыз өлкөсү өз жаранына кам көрүш керек.

“Дамирбек Асылбек уулунун соту башталып жатат. Эл арасында Жогорку Кеңеш, өкмөттүн атынан эч кандай кайрылуу болгон жок деп айтылууда. Аны биз сот боло электе эле "соттоп" койдук. Ал өлкө үчүн бир топ иштерди кылды, күрөшүп, желегибизди көтөрүп жүрдү. Ысык-Көл эли кайрылып, көңүл буруп койсо деген суранычын билдирип жатышат.

Биздин депутаттар сот отурумуна барып катышсак, биз аны таштап койдук. Ооба, анын мандаты алынган, биздин жаранды жөн эле таштап койгонубуз болбойт”, - деди Сабиров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан