Жогорку Кеңеш Алматыда кармалган депутаттын ишин тергөөгө аралашпайт

Жогорку Кеңеш жана парламент төрагасы Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин ("Кыргызстан" фракциясы) ишин тергөөгө аралашпайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин регламенти боюнча, эгер депутаттын айыбы далилденсе, өзү жооп берет. Мындан тышкары ал жакын арада парламенттин "Кыргызстан" фракциясы депутаттын кармалышы боюнча расмий билдирүү жасай турганын баса белгиледи.

Айта кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында атайын операция жүргүзүлүп, анын негизинде 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасында 4 Кыргыз жараны бар экени жана анын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени белгилүү болгон. Кечээ, 18-февралда Алматы шаардык соту кармалган 29 адамдын баш коргоо чарасын карап, аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан