Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу бир эле учурда Кыргыз мамлекети менен Казакстандын жарандуулугуна ээ болгону тууралуу К-Ньюс маалымат агенттиги жеке булактарына шилтеме берип жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, депутат Казакстандын жарандыгын 2010-жылы 7-апрелден кийин алган.
БШК менен Мамлекеттик каттоо кызматы Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу боюнча маалыматтар жок экенин SUPER.KG'ге кабарлашты. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, Дамирбек Асылбек уулу Калкты каттоо жана жарандык актыларды каттоо департаментине жарандыктан чыгуу тууралуу кайрылган эмес.
"Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу тууралуу маалыматтар бизде жок. Ошондой эле ал Кыргыз мамлекетинин жарандуулугунан баш тартуу тууралуу да кайрылган эмес. Биздин мыйзамдар боюнча депутат кош жарандуулукка ээ болбошу керек", - деди Эржигитов.
Ал эми БШКнын маалымат кызматы Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары мекемеге документтерин тапшырууда Кыргыз мамлекетинин жарандыгы тууралуу паспортунун көчүрмөсүн көрсөткөн.
"2015-жылы бизге тийиштүү документтер менен бирге Кыргыз мамлекетинин жараны экендигин тастыктаган паспортунун көчүрмөсүн тапшырган. Эгерде ал кош жарандуулукка ээ болгонун жаап-жашырган болсо, тийиштүү органдар тарабынан териштирилип чара көрүлөт", - дешти БШКдан.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.