Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов ("Республика-Ата Журт") парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет Казакстанда кармалган Кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулу ("Кыргызстан") боюнча кандай иштерди жүргүзүп жатканын айтып берди.
"Өткөн жумада Дамирбек Асылбек уулу боюнча маселе Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында жабык эшик артында каралган. Бизге Тышкы иштер министрлиги, "Кыргызстан" фракциясынын лидери маалымат беришкен. Азыркы учурда аны экстрадициялоо маселеси ачык бойдон калууда. Анткени Казак тараптан расмий түрдө Дамирбек Асылбек уулу Казак жараны деген кат келип түшкөн. Учурда дипломатиялык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыр комитет түздөн түз эч кандай иш алып барган жок. Үстүртөн маалыматтарды чогултуп жатабыз. Анткени иш козголгондон кийин башка өлкөнүн укук коргоо органдарынын ишине кийлигишүү эл аралык нормаларга жатпайт. Биз ушул жагдайды эске алуу менен, бул боюнча элчилик жана консулдук кызматтар иш алып барышы керек деген чечимге келдик", - деди Жамангулов.
Эл өкүлү акыркы учурда коомдун талкуусунан түшпөй жаткан Дамирбек Асылбек уулунун жарандыгы боюнча маалыматтар маселени татаалдатып жатканын айтты.
"Бул суроо өтө татаал болууда. Анткени бул жалгыз биздин жаран болгондо эл аралык нормалардын негизинде иш алып барсак болот эле. Ошол эле мезгилде анын Казак жарандыгы болгону маселени татаалдатып жатат. Азыр биз бардык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп жатабыз", - деди Жамангулов.
Акылбек Жамангулов парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөсү.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.
Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.