Депутат парламентте Казакстанда кармалган Дамирбек Асылбек уулу боюнча маалымат угууну сунуштады

Бүгүн, 28-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев парламентке тышкы иштер министрин чакырып Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулу жана анын кош жарандуулугу боюнча маселени кароону сунуштады.

"Он күндөн ашып кетти, Кыргыз тарап эле эмес, коңшу Казакстан да биздин кесиптешибиз жана башка жарандардын кармалышы боюнча түрдүү маалыматтарды берип жатат. Мен сунуш берет элем. Азыр чуу болуп жаткан жарандык жана башка маселелер боюнча тышкы иштер министрин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымын, УКМКнын төрагасын кошо чакырып маалымат албайлыбы? Жарандыгы жана башка маселелер боюнча эмне болуп жатат? Ага жалаа жаап жатабы, анын жарандуулугу кантип каралат? Башка жогорку саясий кызматтагы адамдардын жарандыгын текшертебизби? Элдер мындай боло берсе эртең башка өлкөнүн жаранын президент кылып шайлап албайбызбы деп чуу болуп жатат. Ушул сунушту добушка коюп, Дамирбек Асылбек уулу боюнча маалыматты угалы", - деди Бокоев.

Төрага Дастанбек Жумабеков депутаттын сунушу актуалдуу экенин, бирок бул маселенин үстүндө иш жүрүп жатканын айтып, депутаттын сунушу кийин карала турганын айтты.

"Бул боюнча тиешелүү комитетке тапшырма берилген. Өкмөт да иш алып барууда. Жыйынтык болгондо маалыматты угабыз", - деди Жумабеков.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altyn7776
2018-02-28 15:17:49
эмнени укмак эленер, баары эле белгилуу болуп турбайбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан