Америкалык ырчы Жейсон Деруло өзүнүн интернет баракчасына "Colors" аттуу чыгармасын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, ал чыгарма 2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун расмий гимни болуп саналат. Бул ырдын расмий ачылышы 16-март күнү орун алат.
Деруло бул ырды 14-июнь күнү Дүйнө биринчилигинин ачылышында ырдап чыгат. Дүйнө чемпиондугу ушул жылдын жай айларында Орусиянын 11 шаарында өтөт, финалдык оюн 14-июлга белгиленген.