Билим берүү жана илим министрлиги студенттерди "Медиа форумдун" алдындагы жыйынга жибергенин моюнуна алды. 17-марттагы Аксы окуясына арналган иш-чарага студенттерди жиберүүнү тапшырган министрдин орун басары Кудайберди Кожобековдун колу коюлган расмий документ интернетте тарап, кызуу талкууларды жаратууда. Бүгүн, 20-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына бул маалыматты тастыктады.
"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси Билим берүү жана илим министрлигине Аксы окуясына арналган иш-чарага студенттердин катышуусу жөнүндө сунушу менен кайрылган. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында Аксы окуясынын маанилүүлүгүн эске алып, министрлик студенттердин катышуусу жөнүндө сунушун колдогон", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Интернетке тараган расмий документте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети жана Насирдин Исанов атындагы жогорку окуу жайынан аталган иш-чарага ар биринен 70 студент барышы керектиги тапшырылган.
Белгилей кетсек, 17-мартта Бишкек шаарынын "Медиа Форум" ишканасынын алдында 2002-жылдагы Аксы окуясына жана 2010-жылдагы Апрель окуясына арналган жарандык жыйын өткөн.