"Жабылган кылмыш иши кайра ачылып жатканы мага карата саясий куугунтук", - деп 22-мартта SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев билдирди.
Экс-депутаттын айтымында, өзүнө карата кылмыш иши 2014-жылы депутат кезинде Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алууга тиешеси бар деген негизде козголуп, 2015-жылдын 8-октябрында Башкы прокуратура далилдүү материалдардын жоктугунан бул ишти жапкан.
"Бул айыпты мага УКМК 2014-жылы эле таккан, азыр ошол ишти эле эч кандай кошумча маалымат киргизбей туруп кайра козгоду. Эки жарым жылдан кийин ал иштин кайра ачылышынын себеби менин саясий активдүүлүгүм, бийликти сындап келе жаткандыгым. Бул нерсени мен саясий куугунтук деп эсептейм. Учурунда бул иш боюнча 15 адамга кылмыш иши козголгон, азыр "аларга эч кандай дооматыбыз жок" деп мени бөлүп алып иш козгоп жатышат",- деп билдирди Осмоналиев.
Эске салсак, УКМК Каныбек Осмоналиев 27 студенттен 14 миң доллар алган факт тергөөнүн жүрүшүндө аныкталганын, сотко өткөрүү үчүн материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдирген.