Экс-депутат Өмүрбек Текебаев жүрөк оорусуна байланыштуу 10-апрелде Улуттук кардиология жана терапия борборунда текшерүүдөн өттү. Дарыгерлер текшерүүнүн жыйынтыгы 11-апрелде чыга турганын айтышты.
Маалым болгондой, Текебаевдин саламаттыгын текшерүүгө эл өкүлдөрү менен адвокаттар киргизилген жок.
Депутат Жанар Акаев "Текебаевди кайтаруу абдан күч болуп, УКМКнын өкүлдөрүнүн бөлмөгө улам кирип-чыкканы бизди тынчсыздандырды" дейт.
"Текебаевди ооруканага алып келишкенде биз ошол жакта болдук. Абдан катуу кайтарууда жүрдү. Бизди таң калтырганы Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү дарыгерлер текшерип жаткан бөлмөгө улам кирип-чыгып жатты, жактоочулар 7 жолу кирип-чыкканын эсептептир. 1 жылдан бери түрмөдө жатса, жүрөгүнүн ооруп жатканын көргөндөн кийин, ага бир аз адамгерчиликтүү мамиледе болуш керек эле да.
Дарыгерлер текшерип бүткөндөн кийин "баары жакшы экен" дешти, бирок мунун баары эле кысым менен болгондой сезилет. Дарыгерлер деле жаткырабыз деп жатат. Бирок Өмүрбек Текебаевди кайра алып кетип калганы күтүүсүз болду. Адамга мынчалык адамгерчиликсиз, кара ниеттик мамиле кылган болбойт. Ооруп жатса, жок дегенде 10 күн дарылатып коюшса болмок. Мен ойлойм, дагы алып келип, текшерүүдөн өткөрүп, дарыланганга мүмкүнчүлүк бериш керек”, - деди Акаев.
Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы ооруканада Текебаевдин анализдери алынганын билдирди. "Жыйынтыгы 11-апрелде чыгат. Дарыгерлер консилиумга чогулуп, Текебаевдин дарылануусу боюнча жыйынтык чыгарышат. Ал эми Өмүрбек Текебаев күчөтүлгөн тартипте эмес, стандарттык коштоодо барган. Аны дарыгерлер да коштоп жүргөн", - дешти ЖАМКтан.
Буга чейин коомдук ишмерлер жана саясатчылар Текебаевдин дарылануусуна шарт түзүп берүү үчүн президентке, премьер-министрге жана парламенттин спикерине кайрылуу жөнөтүшкөн.
Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.