Текебаевди ырайым кылууну өтүнүп Жогорку Кеңештеги фракция жетекчилери менен Утурумдук Өкмөттүн төрайымы президентке кайрылышты

Жогорку Кеңештеги фракция жетекчилери, Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго өтүнүч кат менен кайрылды. Анда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу суралууда.

Утурумдук Өкмөттүн төрайымынын айтымында, Текебаев чет өлкөлүк шылуундун доосунун негизинде мыйзамсыз соттолгон жана Алмазбек Атамбаевдин режими аны адилетсиз эркинен ажыраткан.

"Бул саясий тапшырма экени коомчулукка көрүнүп эле турду. Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин трибунасынан Алмазбек Атамбаевди жана анын командасын ачык сындап келген. Мындан улам Атамбаев өчүн алуу үчүн Текебаевди соттоого соттук күч механизмин иштетип баштаган. Текебаевге козголгон кылмыш иши фундаменталдык адам укуктарын бузуу катары тарыхта калды", - деп жазылат катта.

Мындан тышкары ал парламенттик фракция лидерлерине да кайрылып, анын демилгесин колдоону суранды.

Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып 8 жылга эркинен ажыратылган. Анын камалышына негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин өзү Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
voennyi88
2018-12-25 14:05:52
Туура
+7
Bazake
2018-12-25 14:24:51
Атамбаев камалсын! Текебаевди ак жеринен ошол киши сотторго кысым жасап отуруп ак жеринен каматкан! ХХХХ
+10
Erik2018
2018-12-25 14:25:50
Туура Текебаев ошого күнөөсүн мойнуна алып абакта жатат. Ал деген жеткен марродор. Мындайларга ырайым болбошу керек.
-7
taalay25
2018-12-25 14:44:14
Erik2018,куноосун мойнуна алган эмес, соттун чечими менен камалган.
+1
i1urp
2018-12-25 14:43:15
Отунбаева эки жуздуу суйлогон адам экен. Андай болсо Сапар Исаковду эмне учун коргобойт. Сапар Исаков Жээнбековдун жеке буйругу менен каматып салдыго. Эмне учун Отунбаева бул жонундо соз айтпайт. Бул жерден Соке Жээнбековтордун тетири саясат жургузуп жатканын эл коруп калды. Текебаев мородер болгону чын. Муну коп адамдар тастыктаган.
+2
erlan2196
2018-12-25 14:53:01
Мыйзам алдында баары бирдей. Отунбаева бугунку Жээнбековтордун тапшырмасы менен камалып жаткандарга жана алардын фундаменталдык укуктары бузулуп жатканын корбой жатабы. Жэ Отунбаева м-н Текебаевдин бизнестери окшошпу? Жээнбековтордун уй булооук кландык бийлиги эл алдында чон ката кетиришти. И тем более Соке диний фанат экенин эске алганда, жакында кыргыздар экинчи пакистан, афганистан болуп калбасак болду.
-3
Wold
2018-12-25 15:07:39
erlan2196, Эки жакты карап туруп эле урдура берет экенсиңерда Кудайсыз теңирбектер. Сокенин диний фанат экенин далилдечи? Же Намаз окуп өзү тутунган дини жөнүндө эле сүйлөп койсо, "эл дарбыса эшек кошо дарбыптыр" дан болуп эле дарбып жатасыңбы теңирчи?).
+3
Wold
2018-12-25 15:04:07
Соке оюнду бузуп ийиш керек эле "Теке мыйзамсыз кайдагы бир шылуундун көрсөтмөсүнө камалды" деп.
0
ruslanz
2018-12-25 15:07:28
Текебаеа чыкса,оч алам деп кайра ызы-чуу кылат турбайбы.
+1
pat12
2018-12-25 15:08:43
Тан калычтуу. Текебаев Соке примьер министр болуп турганда камалып жатса, бир убакта Текебаев менен Соке ит-мышык болуп журушту эле, эми ырайм берем дегенин кандай тушунсо болот. Сокени эл туура эмес шайлап алышкан.
0
Agayu
2018-12-25 16:15:01
Текебаев озуно суу жугузбаган адам , канча жылдан бери бийликте журот , аз маз тийишип койсон сузот .Билбейм характери эч жакпайт мага.Кыргыз учун али эч ким , эч нерсе кылып ондоп туздоп кеткен адам келген жок ....
0
Isakov82
2018-12-25 16:21:26
Ушул erlan pat12 i1urp тема башка болсо деле динге эле асыла беришет койсонор ушундайынарды силерге кереги барбы түбөлүккө тозоку болуштун
0
pat12
2018-12-25 17:50:42
Isakov82,
Бугунку кундо аша чапкан, фанатизмди жайылткан, арабтардын жашоосун, коз карашын тануулаган исламдын кыргыз элине керкги жок. Ошон учун элдин кобу динди сындап калышкан.
0
Shanson
2018-12-25 18:12:07
Бул жаңылыкты окугандан мурда да өгүнү Текебаевдин днюхасы болбодубу ооруканада. Ошерге "Хэппи бөцдэй" деп барган алигилерди көрүп бир к*түм күйдү дейсиңер.

Эу, тыңчыкмалар!

- Кана элеңер силер ошо убагында силер айтып аткандай "Текебаевди Атамбаев желдеттери аэропорттор" кармап кеткенде?

- Кайда элеңер андан кийин деле бир топ убакыт аралыгында сот иштери, тергөө амалдары жүрүп жатканда?

- Ошондо буйгага тыгылып жаткан эле
0
Shanson
2018-12-25 18:15:14
Бүгүн эми Жээнбековдун заманында мурункудай силерди "дерьмолоп", ХХХХХ, "текелеп" анан такалап турча АША жана анын командасы жок элөөрүп алыпсыңар го? Баарыңар чогулуп барып, тим эле "Сиз акыйкатсыз камалдыңыз. Чыгышыңыз керек. Мужик должен закаляться. Отуруп чыккандар башкарыш керек, тыты-пыты" деп. Мындай ЭКИ ЖҮЗДҮҮлүктөн уялбайсыңарбы?!! Катын да болсо убагында Отунбаева калыс сөзүн айткан. Силер эми түштөн кийин туулган күнү менен куттуктамыш бол
0
Shanson
2018-12-25 18:18:08
табактай кылып алып анан тим эле "Атамбаевдин режими адилетсиз камады" дейсиңер..

Башкасын барса мейли дейт элем, Бакыт Төрөбаев мине кылып жүрү билбейм. Президенттик шайлоодон өтпөй калганда АШАнын алдына жүгүнүп барды эле. Бүгүн биякта жүрөт. Өтүнүч катка да кол коюптур... Эки эмес жетимиш жети жүзү бар мындай саясатчы ХХХХХХХХ белекке берип койчу Аяз Ата барбы, ыя, Жаңы Жылга карата?...
0
Modric10
2018-12-25 18:33:09
Бири олуп бири калсын.кор тирилигим менен алекмин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан