Тогуз-Торо районунун 100дөн ашык тургуну Ак Үйдүн алдына митингге чыкты

Бүгүн, 17-апрелде Тогуз-Торо районунун 100дөн ашык тургуну Ак Үйдүн алдына митингге чыкты. Алар милиция тарабынан кармалып Бишкекке алып келинген район тургундарын бошотууну талап кылышууда. Митингге чыккандар колдоруна "Бейкүнөө элдерге боштондук", "Биздин үнүбүздү уга турган чоңдор бар бекен?" деген жазууларды көтөрүп алышкан.

Учурда алар менен Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов жолугушту. Ал билдиргендей, 16-апрелде 14 адам, бүгүн эртең менен бир адам кармалып келинди. "Жалпы 150 адам суралып, 15 адам Бишкекке алып келинди. Алардын үчөө аял киши болсо, калгандары эркектер. Бир кыз 18 жашта, калганы 20 жаштан жогору. Бул жакка алып келгенибиздин себеби иш резонанс жараткандыктан калыс тергелүүсү керек", - деди Сеитов.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurgaz
2018-04-17 13:09:28
Жалалабат обулусунун Тогуз-Торо райуну деп жазсанар туура болот. Гугл акадан сурап аран билдим Тогуз-Торону издеп.
+1
Jelezo
2018-04-17 13:39:57
Ортобой тура турушса болмок эми жооп бериш ерек
0
grace
2018-04-17 17:22:08
Уруксаты жок куруп кытайларга чара көрүшсүн! Элде эч күнөө жок! Кытай алтынды түгөлү менен ташып кетет! Ууланган өлүк жер калат! Кыргыздар ойлонгула! Кытайдан эч качан жакшылык келбейт! Кытайды киргизбеш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан