Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган азем фейерверк атуу менен жыйынтыкталды

29-апрелде Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленди. Юбилейлик датанын урматына Бишкек мэриясы калаа тургундары үчүн чоң масштабдагы концерт уюштурган.

Концерт саат 20:00дө башталып, анда Кыргыз эстрадасынын жылдыздары, Кыргыз жергесин чет өлкөдө татыктуу таанытып жүргөн "Город 312" тобу жана Орусиянын белгилүү "MBAND" тобу коштоду. Майрамдык сахна адаттагыдан айырмаланып "Ала-Тоо" аянтынын түштүк тарабына коюлган.

Салтанаттуу иш-чаранын башында шаар мэри Албек Ибраимов жалпы журтту майрамы менен куттуктаган. Андан кийинки куттуктоо сөзүн президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев сүйлөгөн.

Сахнага эстраданын залкар жана мега ырчылары чыгып, келгендердин маанайын көтөрүштү. Ал эми орусиялык "MBAND" тобу репертуарындагы эң белгилүү "Она вернётся" аттуу ырын ак калпак кийип ырдашты. Андан кийин сахнага Светлана Назаренко менен Жылдыз Осмоналиева чыгып, "Дарак ыры" аттуу чыгармасын аткарышты.

Концерттик кеченин соңунда "Бишкегим" аттуу ыр жаңырып, фейерверк атылды.

Белгилей кетсек, майрамдык концертте коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 1000ден ашык тартип сакчылары тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан