Армениянын парламенти премьерликке оппозиционерди шайлоодон баш тартты

Армениянын парламенти премьер-министр кызматына оппозиционер Никол Пашиняндын талапкерлигин жактырган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Пашиняндын талапкерлигин 45 депутат колдоп, 55 депутат ага каршы чыкты.

Айта кетсек, бүгүн, 1-майда Еревандын борбордук аянтында миңдеген адамдар Пашиняндын премьер болушун колдоп турушту.

Эске салсак, 10 жылдык президенттиктен дароо премьер-министрликке шайланган Серж Саргсян элдик нааразычылыктардан улам кызматтан кеткен. Парламентте 58 депутаты менен көпчүлүктү түзгөн Саргсяндын "Республика" партиясы өкмөт башчылыкка талапкер чыгарган жок. Пашинян 105 орундуу парламентте премьерликке шайланыш үчүн кеминде 53 депутаттын колдоосун алышы керек болчу.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан