КСДП: "Атамбаев Түлеевге иштешүү сунушун айткан эмес"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Нариман Түлеевди кызматташууга чакырган эмес. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев Түлеевди кызматташууга чакырды деп тарап жаткан маалымат жалган. Акыркы убактарда интернеттеги социалдык тармактар аркылуу Атамбаевди каралагандар көбөйгөнүн, Түлеев боюнча маалымат ошондой жалган, каралаган маалыматтардын бири экенин белгиледи Жолдубаева.

"Алмазбек Атамбаев Нариман Түлеевге кызматташуу тууралуу сунушун айткан эмес, андай болушу да мүмкүн эмес", - деди ал.

Бул маселе тууралуу SUPER.KG порталы Нариман Түлеевдин өзүнө кайрылганда, андай сунуш болгон эместигин айтты. "Экс-президенттен кызматташуу сунушу болгон эмес", - деди Түлеев.

Айта кетсек, буга чейин айрым жергиликтүү маалымат булактары Нариман Түлеевге таянып, Алмазбек Атамбаев ага кызматташуу сунушун өзүнүн адамдары аркылуу билдирген деп жазып чыгышкан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан