Карганбек Самаковдун жактоочулары: Манас Арабаев соттук ишке кийлигишүүдө

Коомдук ишмер Эсенгул Исаков Карганбек Самаковго мыйзамсыз иш козголуп, эми анын соттук ишине жогорку бийлик өкүлдөрүнүн тиешеси бар экенин бүгүнкү маалымат жыйында айтып өттү.

"Жакында Карганбек Самаковго мыйзамсыз иш козголуп жатканына 3 жыл болсо, ал эми иш козгойбуз деп улам чакыртып жатканына 4 жыл болот. Карганбек Самаков ак жеринен күнөөлөнүп, жогорку жактагылардын алдын ала чечими менен күнөөлүү болуп жатканына бир мисал келтирсем. 2 жарым жылдан бери Самаковдун ишин карап келип, анын ак экени далилдене турган убакта судьяны алмаштырып, ордуна Дамир Назаров дегенди алып келишти. Ал чечим чыгарып, биз ызы-чуу болуп, туугандар туш-туштан чыкканда, судья Дамир Назаров "менин да үй-бүлөм бар, мен дагы жашагым келет, мага жогору жактан буйрук келген" деп айтып, ал жерден Манас Арабаевдин аты да аталган. Бул инсандын аты кийин саясий буйрук менен камалып кеткен адамдардын туугандары тарабынан да көп жолу аталганын билдик. Бугүнкү күндө Самаковдун иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча бул соттук чечимге дагы Манас Арабаев аралашып, Ак Үй тараптан дагы кысымдар болууда дегенден улам биз элге кайрылуу жасоону туура көрдүк", - деди Исаков.

Ал эми Карганбек Самаковдун жактоочусу Нурдин Дүйшөнбеков маалымат жыйында буларга токтолду.

"Карганбек Самаковдун ишине кийлигишүү болуп жатканына биз дагы ишенгибиз келген эмес. Соттук отуруму бир жарым жыл жүрүп, 61 күбө жана 9 соттолуучу суралып, жарыш сөздөр аяктап, акыркы сөздөр айтылып бүткөндөн кийин сот өкүм чыгарарда судьяны күтүүсүз алмаштырышты. Андан кийин келген Дамир Назаров аттуу судья тезирээк бүтүрүшүбүз керек деп, ишти шашып карап жатканын жашырбай эле айтты. Аны ким мынчалык шаштырып кыйнады? Өкүмдү кийинки отурумда чыгарам деп жатып, түштөн кийин ал сөзүнөн кайтып, түн ортого чейин элдин баарын кармап түнкү 12де өкүмдү угузду. Карганбек Самаковду бир түндө абакка отургузуп бересин деп судья Назаровго ким тапшырма берди? Иштин материалдарын, эки тараптын келтирген далилдерин изилдебей өкүм чыгара берсе болот деп судьяга ким айтты? 61 күбөнү сурабай арасынан 5 күбөнү сурап туруп, калгандарын суракка албай эле койсоң болот деп ким үйрөттү? Анан кантип биз айтылып жаткан Манас Арабаев жана Алмаз Маткасымов кийлигишип, сотторго кысым кылып жатат деген сөздөргө кантип ишенбейбиз? Эгерде алар да буларга башкача түшүндүрмө бере алышса, элдин алдында чыгып айтышсын", - деди Дүйшенбеков.

Ошондой эле жактоочу Кантемир Турдалиев өз сөзүндө Манас Арабаевдин Карганбек Самаковдун сот ишинде аралашып жатканы акыркы сот залында айтылганын баса белгилеп өттү.

Карганбек Самаковдун жактоочулары тарабынан сотко аралашып жатат делинген Манас Арабаев SUPER.KG порталына буларды айтты.

"Мен бул соттук ишке кийлигишкен эмесмин. Кандай максатта бул ишке менин атым аралашып жатканын өзүм да түшүнбөй жатам. Эгер менин кийлигишүүм болгон болсо, анда Башкы прокуратурага тийиштүү маалыматтары менен кайрылуу жасашсын. Мен дагы ушуну талап кылам", - деди ал.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнү аяктап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Карганбек Самаковго карата "коррупцияны уюштуруу", Жаныш Бакиевге жана Курманбек Бакиевге карата "коррупцияга көмөктөшүү", К.Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго жана алардын 4 адамына карата "коррупцияны кошо аткаруучулук" беренелери боюнча айыптар тагылган.

Өкмөттүн "Кыргыз Республикасынын Аламүдүн районунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө" мыйзамсыз токтомун чыгарганы үчүн мурунку премьер-министр Игорь Чудиновго, мурунку биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурунку айыл чарба министри А.Ногоевге карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
stimyl.kg
2018-05-07 19:48:14
Негизи бул Манас дегендин аты акыркы саясий куугунтуктардын сотторунда кийилигишип жатат атамбаевдин буйругун аткарып сотторго басым кылып жатат деп коп эле айтылып жатат.
+1
Jelezo
2018-05-07 21:09:12
Шамал болбосо теректин башы кыйылдабайт деп бекеринен айтылбайт
0
altyn7776
2018-05-07 21:33:18
Самаков кантип байыган анда? Жерди сатканы факты да. Самаков 200 миллион доллардан ашык акчасы бар деп жазышкан убагында. Эмне деген акча, аныктасын да кантип тапкандыгын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан