Кош жарандыгын жашырган мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоору даярдалды. Анын демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев (КСДП) жана Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан").
Ага ылайык, эгер президенттикке талапкер же Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жалган же жасалма документтерин көрсөтсө, кош жарандыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтарды жашырса, ага 260-300 миң сом айып пул салынат же ал 2 жыл 6 айдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ушундай эле жаза сот кызматына, саясий мамлекеттик кызматтарга талапкерлерге сунушталууда.
Демилгечилер бул мыйзам алдын ала эскертүүчү мүнөзүнө ээ экенин, кош жарандыгын аныктоо кыйынга турарын баса белгилешти. Мындан тышкары алар кызмат ээлеген айрым адамдардын кош жарандыгын жашырганы үчүн жоопкерчиликтин жоктугу эмнеге алып келиши мүмкүн экенин аташты.
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, судьяларга, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлерине, башка жарандык болуусуна тыюу салынат, башкача айтканда, бул 50 миңден ашуун адам экени эске алынышы керек", - дешет мыйзамдын авторлору.