Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаардык соту борбор калаанын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүнүн узартылышы боюнча жактоочунун арызын карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, сот отуруму саат 09:30да башталат.
Окуянын чоо-жайы:
24-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тергөө абагында жаткан Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартты.
Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Андан бери тергөө мөөнөтү 3 жолу узартылды.