Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду (беренелер)

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Кулматовдун баш коргоо чарасын караган шаардык соттогу отурумда прокурор тарабынан айтылды.

УКМК SUPER.KG порталына тастыктап бергендей, Кулматовго экинчи кылмыш иши 14-июнда "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен козголгон.

Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев бул жөнүндө өзү да кабары жок экенин, бүгүнкү соттук отурумда билгенин айтты.

Айта кетсек, бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Буга чейин Биринчи Май райондук сотун Кулматовду 28-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу боюнча чечим чыгарган.

Буга чейин Кубанычбек Кулматовго "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган. Ал 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Azatbek.Svoboda.
2018-06-18 12:48:19
Өзү убактылуу бийлигинен баштап азыркы бийлигине чейин текшеришсе баардыгы корупциянерлер болуп камалышат эле 35 эмес 350 корупциянерлер камалышмак! Ошончо министр депутаттын эмне пайдасы бар?!Бир президент жыйырма депутат алты министр жетмек пример министирдин да кереги жок эле! Ошондо өнүгүү болмок!
+1
filis
2018-06-18 13:23:17
Azatbek.Svoboda.,
Жээнбеков эч кандай коррупция менен курошкон жок. Бизде баары коррупци-р болуп буткон. Болгону Жээнбеков Атамбаевге каршы гана саясатын жургузуп жатат. Сокен АШАны жакшы эле сатып кетти. Болбосо Жээнбеков баарын камап кустуруш керек. Озунун инисинен баштабайбы коррупцияны
0
Azatbek.Svoboda.
2018-06-18 14:02:06
filis,Мен Сокени корупция менен күрөшүп жатат дебедим өзү айткан 35 корупциянер деген сөзүн айттым. Соке иштей алган эмес иштей албайт дагын! Досу экөөбү спектакль аткарып жатышат!
0
Bazake
2018-06-18 12:52:39
Кулматов акыркы 6 жылда экс-президент Алмазбек Атамбаевге таянып болушунча тайраңдады. Барган жеринде коррупцияны гүлдөттү. Бир эле мектептен 100 млн. сом уурдаганы ачыкталып камакка алынды. Мамлекет үчүн мындай чыккынчылык кылган адамдар эч качан эркиндикте жыргап жүрбөшү керек. Алар жазасын толук өтөп, уурдаган акчаларын мамлекетке кайтарып бериши зарыл.
0
Bazake
2018-06-18 12:53:46
Бул Кулматовду түбөлүк түрмөгө камаса да жарашат. Бирок аташкасы экөөсүн кустуруш керек
+1
Bazake
2018-06-18 12:55:02
Атамбаев ушундай ХХХХХХХХХ болушунча пайдаланды. Мамлекетти сазга батырды. Москвадагы таксисттердин окуяларына ушулар күнөөлүү. Эгер мамлекетти тонобогондо, таза иштегенде Кыргызстан өнүкмөк. Элдин жашоосу жакшырмак. Булар тескерсинче тоноду. ХХХХХХХХХХ
0
Bazake
2018-06-18 12:55:31
Кулматовго өтө оор жаза берип, жеген миллиондорун мамлекетке кайтаруу керек
0
Natun
2018-06-18 13:04:53
2018-жылдын май айында Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрүн 3 млрд 608 млн сомго камсыздаган. Бажычылар пландалгандан 109 млн сомго көбүрөөк чогултушкан.
Ал эми 2018-жылдын башынан бери Мамлекеттик бажы кызматы 16 млрд 519 млн сом чогулткан, бул пландан 1 млрд 800 млн сомго көп дегенди түшүндүрөт.
2017-жылдын ушул убактысына салыштырмалуу төлөмдөр 4 млрд 594 млн сомго көбөйгөн.
Бирок, кирешенин көбөйүшүн эч кандай профицит деп атоого болбойт. Беш ай ичиндеги бажы төлөмдө
0
tnz
2018-06-18 13:12:36
Анын кылмыш иши муну чектелбесе керек чукуласа чыга берет Мэрияда жургондо ал кыйла эле кылса керек андан сырткары Россия - Кыргызстан онуктуруу фондун да караш керек ал жерден да чыгат бул атын очкурдуку мындайлар жеп эле журушот да Кыргызстанды менчиктештерип алгансып атадан балага небереге кылып карапайым эл ошол эле бойдон карапайымдын балдары чыксада ошол эптеп иштен айдап жок кылышат.
0
tnz
2018-06-18 13:15:13
Атамбаев Кыргызстанды жеп туготтуу боюнча кылмыштуу топ тузуп аллган экен да тообо дагы уялбай кайра келем дегенине эмне дейсин мына ошолордун бири Кулматов эрке бала бул да жеп эле журот жакшы камады болбосо дагы жемек.
0
bekmirzach
2018-06-18 13:19:28
Кулматов во многом виновен как такой может быть Мэр города столицы как может такое 2 млн долларов и 100 млн сомов можно построит ни один школ а целых 5 современных школ а тут он всего один школу построил какой позор, это за 386 млн долларов медринизировали ТЭЦ а место это оказывается можно было построит новый и ещё современный.
0
bekmirzach
2018-06-18 13:21:52
Кулматовго коюлган бул айып өтө оор кылмыш болуп эсептелет. Буга чейин деле аны Россиянын жараны деп далай адамдар айтканы менен, тиешелүү органдар экс-президент Алмазбек Атамбаевден коркуп кылмыш ишин козгой албай келген. Анткени Атамбаев 6 жыл бою Кулматовду калкалады. Эми болсо акыйкаттык орноп, бул көрүнүш көз жаздымда калбады. Андыктан Кыргызстандын мыйзамсыз жараны Кулматов татыктуу жазасын алсын.
0
O.dembele
2018-06-18 13:48:27
Деги койчу коооп эле депутаттын куноосу бар
0
Azatbek.Svoboda.
2018-06-18 14:03:55
Жакшылап чукулашсын эле башка жарандык бар жемкорлор чекесинен чыга башташат!
0
bekmirzach
2018-06-18 15:50:42
К.Кулматов кылган иштери үчүн учурда сурак берип жатат. Бирок, АШАнын аткошчулары кылмыш иштерин “саясий куугунтук” катары баалап кызыл кулактык кылууда. Ага коомчулук ынансачы. 6 жыл бою Атамбаев саясий каршылаштарын куугунтукка алып келгени ырас. Ал эми Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаков сыяктуулар куугунтукка алына турган, бийликке коркунуч жарата турган саясий фигура эмес. Андыктан алар коррупциялык аракеттерин эч качан башка нукка бура албайт.
Конец переписки
Введите сообщение...
+1
Natun
2018-06-18 18:12:47
Кулматовдун кыргыз жерине, кыргыз элине кылган чыккынчылыгын санай берип чачым агара турган болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан