Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаттары Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина абактагы Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовго үй-бүлөсү менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын айтышты.
“Кулматовдун жубайы УКМКга 10 кат жөнөтүп, жолугушууга уруксат берүүнү суранган”, - деди Кодуранова.
УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Кулматовго карата эч кандай чектөө болгон эместигин айтты. Ал каттар тууралуу доомат боюнча териштирүү жүргүзүлөрүн билдирди.
Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган.