Бишкек шаарындагы Кытай Эл Республикасынын элчилиги жайгашкан 3,3 гектар жер буга чейин эле аталган мамлекетке 49 жылга ижарага берилген. Мындай маалыматты бүгүн, 31-майда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов айтты. Аматовдун айтымында, кечээ шаардык кеңеште 2 өлкө ортосунда жер тилкелерин бири-бирине берүү жана Кытай тарап Кыргызга элчиликтин имаратын куруп берүү келишими каралып, мындай келишим көпчүлүк тарабынан сынга кабылды.
"Мындай сындардын баары түшүнбөстүктөрдөн улам болуп жатат. Бишкектеги Кытай Эл Республикасы жайгашкан жер тилкеси элчилик курулуп жатканда эле 49 жылга ижарага берилген. Кийин Кытай тарап бизге Пекиндеги элчилик жайгашкан 25 сотых жер тилкесин ижарасыз берип, мындан тышкары 9 миллион долларга элчиликтин имаратын жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери үчүн мейманкана салып берүү келишими каралган. Ал эми жер алмаштыруу бул эки тарапты тең ижара төлөөдөн бошотот. Элде биз гектарлаган жерди берип өзүбүз 25 сотых жер алабызбы деген суроо жаралып, сын-пикирлер айтылып жатат. Бул кырдаалды атайын адистер иликтеп чыгып, 2 тарапка тең пайдалуу болоруна ынанышкан. Буюрса, келечекте Пекинде биздин абдан чоң элчилик иштейт. Биз 3,3 гектар жерди 25 сотых жерге айырбаштап жатабыз деген түшүнүктөн алыс болуш керек. Анткени Бишкектеги Кытайдын элчилигинин имаратын Кытай тарап курган", - деди Аматов.
Буга чейин белгилүү болгондой, 2 тарап тең элчиликтер жайгашкан жер үчүн ижара акысын төлөп келген. Кытай тарап элчилиги жайгашкан жерге ижара иретинде жылына 723 миң сом төлөп турат. Ал эми Кыргыз өлкөсү 2004-жылдан бери Кытайга 3 миллион 3 миң 55 доллар төлөгөн.
Эске салсак, бул келишим 30-майда Бишкек шаардык кеңешинде каралып, депутаттар аны колдогон эмес эле.