КСДПнын өкүлү: "Тик учактарды Сомалиге ижарага берүү боюнча буйрукка Атамбаев кол койгон деген маалымат калп"

"Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө жардамга келген 4 тик учакты Сомали мамлекетине ижарага берүү боюнча буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койгон", - деп бүгүн, 15-июнда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева SUPER.KG порталына бул катардагы кара пиар, жалган маалымат экенин билдирди.

"Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев тик учактар Сомалиге ижарага берилип жатканы боюнча суроо бергенде Башкы штабдын өкүлү бир дагы тик учак Кыргыз мамлекетинен сыртка чыккан жок деп жооп берди. Мындай маалыматты Атамдаевдин дарегине айтылган кара пиар деп эсептейбиз", - дейт Жолдубаева.

Ал эми айрым ММКларга Атамбаев кол койгон буйруктун көчүрмөсү жарыяланганы боюнча Жолдубаева "фейк" документ болушу мүмкүн деп жооп берди. "Документтин көчүрмөсү деп жарыяланган сүрөттү дүйшөмбү күнү Алмазбек Шаршеновичтин өзүнө көрсөтүп, карап чыгабыз", - деди КСДПнын өкүлү.

Эске салсак, кечээ, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев "Орусиядан, Америкадан жардамга келген тик учактар Сомалиге ижарага берилгени жатат" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан