Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров кызматтан алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал өзү берген арыздын негизинде кызматтан алынган.
"Өкмөт башчынын буйругуна ылайык, анын ордуна милициянын полковниги Мирлан Каниметов дайындалды. Өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Азамат Араев жаңы жетекчини ИИМдин жамаатына тааныштырган.
48 жаштагы Мирлан Каниметов ИИМдин академиясын юриспруденция адистиги боюнча аяктаган жана ички иштер органдарында 1991-жылдан тарта кызмат өтөп келет", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, Данияр Абдыкаров ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басарлык кызматын аткарып келген. Буга чейин Абдыкаров эмгек өргүүсүнө чыккан соң министрден уруксат кагаз албай туруп чет өлкөгө чыгып кеткени кабарланган .