Бүгүн, 24-июлда Бишкектеги кафелердин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя эртең мененки саат 7:51 чамасында орун алган.
"Бүгүн, 24-июлда Бишкек шаарынын 5-кичи районундагы Саякбай Каралаев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде өрт чыккан. Кырсык тууралуу маалымат эртең мененки саат 7:51де келип түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 2 бөлүм тартылган. Учурда өрт толугу менен өчүрүлө элек", - дейт басма сөз кызматы.