Элдин колдоосу менен ушул жылдын 8-майында өкмөт башчылыгына көрсөтүлгөн Никол Пашиняндын талапкерлигин Армения парламенти жактырган. Пашинян өкмөт башына келгенден кийинки 2 айдан ашык убакыт ичинде эл үчүн ат көтөргүс иштерди жасап жаткандыгы тууралуу армяндык басылмалар жазып чыгышты. Жасаган иштеринин тизмеси төмөнкүлөр:
1. Ал эки айлык тирешүүдөн кийин 2011-жылдан бери Ереван шаарынын мэри болуп иштеп келген Тарон Маргарянды кызматтан алган.
2. Коомдук телеканалдын жетекчилери кызматтан алынган. Ошондой эле коомдук каналдын каржы булактары жана акчаны колдонуусу текшерүүгө алынып, жыйынтыгында кылмыш иштери козголгон.
3. "Армения Республикалык партиясынын" биринчи орун басары, мурдагы өкмөт башчы, олигарх, “Газпромдун адамы” атка конгон Карен Карапетяндын ишмердүүлүгү текшерүүгө алынган. Натыйжада ага тиешелүү болгон айрым компаниялар камакка алынып, олигарх Орусияга качууга аргасыз болгон.
4. Мурдагы өкмөт учурунда дайындалган чиновниктерди кызматтан алуу иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында бардык акимдер жана губернаторлор кызматтан алынган.
5. Аталган партияга байланышы бар бардык супермаркеттерге жана дүкөндөргө бойкот жарыяланып, натыйжада азык-түлүктүн баасын арзандатууга аргасыз болушкан.
6. 30 криминалдык топтун башчыларын жана "мыйзамдагы уурулардын" үйлөрүн текшерүүгө алып, алардын көбү Орусияга качууга аргасыз болгон.
7. Мурдагы коргоо министринин орун басары, генерал Манвел Григорян жана анын уулу менен аялы Эчмиадзин шаарынын мэри тарабынан армян аскерлерине деп жиберилген гуманитардык жардамды өздөрүнө алып алганы, курал-жаракты мыйзамсыз сактаганы үчүн камакка алынышкан.
8. Президент Саргсяндын мурунку жан сакчысы Вачегель Газаряндын үй-мүлкү камакка алынып, ал өлкө казынасынан 9 миллион доллар уурдаган деп ага издөө жарыяланган.
9. Мурдагы президент Роберт Кочаряндын туугандарына тиешелүү болгон “Спайка” компаниясына салыкты жашыргандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Кочарян өзү ушул жылдын март айында Ереван шаарындагы митинг башталганда Орусияга чыгып кеткен.
10. Мурунку президент жана кыска мөөнөткө өкмөт башчы болуп шайланган Серж Саргсяндын туугандарына тиешелүү болгон фонддор текшерүүгө алынып, алардын чет өлкөгө качып кеткен туугандарына издөө жарыяланган.
11. Кассациондук соттун (Жогорку Сот) төрагасы алмаштырылган.
12. Армениянын тергөө комитетинин башчысы алмаштырылган.
13. Чек ара кызматынын жетекчиси, Башкы Штабдын башчысы жана Тоолуу-Карабак районунун күч түзүмдөрү алмаштырылган.
14. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн айыл башчыларына карата 71 кылмыш иши козголгон.
15. 2008-жылдын 1-мартындагы Ереванда болгон митингге байланыштуу мурунку коргоо министри Микаэль Арутюняндын үй-мүлкү камакка алынып, ага издөө жарыяланган. Ал Орусияга качып кеткен.
16. Өкмөт башчы Пашиняндын Сюник облусуна жасаган иш сапарынан кийин аталган облустун жетекчиси экологиялык маселелерге байланыштуу кызматтан алынган.
17. Орусиядагы Армяндардын башын бириктирген жаңы уюм түзгөн. Мурдагы бирикменин башчысы олигарх Ара Абрамян коррупцияга айыпталып, тергөө иштери башталды.
18. Сыртта жүргөн армян элин өз өлкөсүнө кайтуусу үчүн бир нече долбоорлор иштелип чыккан.
19. Пашинян Орус мамлекеттик думасынын Орусия либерал-демократтар партиясынын депутаты Владимир Савельевди партиясынын катарынан чыгартууга жетишти. Ал Армениянын Тоолуу-Карабак аймагын Азербайжанга берүү керектигин айтып чыккан.
20. Фейсбук тармагы аркылуу эл менен күндө түз байланышка чыгууну салтка айландырды.
21. Бардык аскерден качкан армяндарга мунапыс жарыялады жана мекенине кайтып келип аскердик милдетин өтөөсүнө уруксат берди.
22. Өзүнүн аппаратын жана өкмөттөгү кызматкерлердин иштөөсүн “Apple” компьютерлери менен эмес, өздөрүнөн чыккан “ArmTab” компьютерлери менен иштөөгө өткөрдү.
23. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына болгон төлөмдү 10 драмга ( 1 сом 41 тыйын) азайтты жана бул ишти аткарууну олигарх Самвел Карапетяндын “Ташир Групп” компаниясына тапшырган.
24. "Ташир Групп" көзөмөл кылган "Жогорку вольттогу электр түйүнү" ишканасын мамлекеттин көзөмөлүнө өткөрдү.
25. "Газпром Армения" ишканасын газга болгон бааны аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 20 драмга (2 сом 82 тыйын) арзандатуусун мажбурлады.
26. Мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоолор үчүн Шайлоо кодекстерине өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу үчүн комиссия түздү.
27. Өкмөт Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Евразия экономикалык биримдиги менен кызматташууну бекемдөөчү документке кол койду.
28. Орусиянын аскерлери турган Түркия жана Азербайжан менен чектешкен аймакка Армениянын ички аскер күчтөрүн жайгаштырды жана Түркия менен чектешкен аймакты өз көзөмөлүнө алды.