Жогорку Сот Кубанычбек Кулматовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды

Бүгүн, 31-июлда Жогорку Сот Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовду 28-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Соттук отурумда анын жактоочусу Сергей Слесарев Кулматовду үй камагына чыгарууну суранды.

"Кулматов Орусиянын жараны эмес. Бул боюнча 1 ай мурун Орус элчилигинен расмий жооп алдым. Ал тергөө аягына чейин абакта болушу шарт эмес. Себеби ал мамлекетке эмгек сиңирген ишмер", - деди Слесарев.

Буга чейин 5-июнда Биринчи Май райондук соту Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, 28-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Андан соң ушул эле сот Кулматовду камакта калтырып, мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан