Кубанычбек Кулматовду камакта калтыруу мөөнөтү 28-августка чейин узартылды

Биринчи Май райондук сот Кубанычбек Кулматовду камакта калтырды жана мөөнөтүн 28-августка чейин узартты. Тиешелүү чечимди 25-июнда сот Мирлан Термечиков кабыл алды.

Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев "Соттун чечими мыйзамсыз, шаардык сотко кайрылабыз" деп журналисттерге айтты.

Буга чейин 5-июнда аталган сот Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, 28-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулганын УКМКдан маалымдашкан.

Эске салсак, бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Va.vasm
2018-06-25 22:46:12
Бирин олуп, бирин кал. Чын журоктон баарыбир.
0
kalpak.kg92
2018-06-25 23:51:16
Не болсо шо болсун олуп кетсин жазасын мойну менен тартсын
0
bekmirzach
2018-06-26 10:46:40
Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов сыяктуу ТЭЦ модернизациясы боюнча камакка алынгандар өз алдынча саясий көз карашы бар адамдар эмес. Андыктан буларды оппонент деп атоого болбойт. ТЭЦтеги реконструкцияга байланыштуу чуулуу иште коррупция бар экени баарына белгилүү. Анда келишим түзүп, кол койгон адамдарды камабаганда, кимди камаш керек? Менимче муну коррупция менен күрөш деп айтууга толук негиз бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан