Жогорку Сот Кулматовдун жактоочусунун даттануусун кароосуз калтырды

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Сот экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун камактагы баш коргоо чарасы боюнча жактоочунун даттануусун кароосуз калтырды.

Жогорку Соттун алдына Кулматовдун тарапташтары келген. Соттук отурум ачык өттү.

Жактоочу Сергей Слесарев Жогорку Соттун бүгүнкү чечими туура болбогонун айтат.

"Биринчиден, Кулматовду сот залына алып келген жок. Бул укук бузуу. Экинчиден, жактоочунун даттануусун кароодон баш тартты. Биз учурда тийиштүү документтерди чогултуп кайра Жогорку Соттун башка төрагалыгына кайрылабыз", - деди ал.

24-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралып, Кулматовду камакта калтыруу мөөнөтү 28-сентябрга чейин узартылган. Жактоочусу бул чечимге нааразычылыгын билдирип, шаардык сотко даттанарын билдирген. 11-сентябрда Бишкек шаардык соту экс-мэр Кубанычбек Кулматовду 28-сентябрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Андан соң ушул эле райондук сот Кулматовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан. Жогорку Сот да Кулматовду 28-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erik2018
2018-10-02 17:52:01
Сот туура чечим чыгарыптыр Кулматов толук жазасын алып чыгышы керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан