Чочконун эти жок жана алкоголсуз! Бишкекте мусулмандар үчүн атайын гипермаркеттер ачылат

Бишкекте сиз алкоголдук ичимдиктерди жана чочконун этин такыр көрбөй турган гипермаркеттер ачылат. Мындай уникалдуу соода жайын Globus ачат.

Биздин соода түйүнүбүз сиз үчүн, ислам негиздери менен жашаган керектөөчүлөрүбүз үчүн аталган товарлардан баш тартты. Анткени ар бир кыргызстандыкка бирден Globus болушу керек. Биздин жарандардын көпчүлүгү салт-жөрөлгөлөрдү катуу кармап келишет, жаңы гипермаркет да кыргыз жыттанып "Береке" деп аталат.

Globus-"Береке" дүкөндөрүн ислам салттарынан тышкары, биздин өзүбүздүн керектөөчүгө эң пайдалуу болгон баада сатуу деген фирмалык салтыбыз да толуктайт. Бул салт премиум-класстагы товарларга да тиешелүү болот.

Баалар үчүн биз жооп беребиз! Globus-"Берекедеги" "Ооба! Эң мыкты баа" деген белгилер коюлган товарлар шаардагы башка бардык соода түйүндөрдөн арзан баада сатыларына кепилдик беребиз. Эгер сиз ошондой белги коюлган товарды сатып алгандан кийин аны башка дүкөндөрдөн бизден да арзан ала алсаңыз, биз акчаңызды кайра сизге кайтарып беребиз!

"Globus"-"Береке" - соода түйүндүн 12-жана 13-дүкөнү болот. Мындай сандагы дүкөндөр ушул жылдын август айында гана ачылды. Өтө тез арада түйүндөрдүн ачылып жаткандыгы - керектөөчүлөр үчүн гана пайда алып келбейт. Жаңы дүкөндөрдүн ачылуусу менен бир нече адам жумуш менен камсыз болот, мамлекеттин бюджетине миллиондогон салыктар түшөт.

Globus–"Береке" дүкөндөрү BetaStores-1 жана BetaStores-2 соода түйүндөрүнүн 1-кабаттарында ачылат.

Globus–"Берекенин" 1-гипермаркети 8-августта саат 10:00дө салтанаттуу түрдө ачылат. Дареги: Бишкек шаары, 7-кичи району, Юнусалиев көчөсү 177/2 дарегинде жайгашкан BetaStores-2 соода түйүнү.

Ачылыш аземди салтка айлангандай эле балдар үчүн цирк өнөрлөрү, жергиликтүү шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу коштойт. Салтанаттуу ачылыш аземде сиздерди көптөгөн белектер жана арзандатуулар күтөт. Келиңиздер!

Автор: Марина Сколышева


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан