Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын атасы: "Кызымдын өлүмү боюнча иш жабылып калганы турат" (кыздын жансыз денесинин сүрөтү)

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон 20 жаштагы Бурулайдын иши жабылып калганы турат. Бул тууралуу маркумдун атасы Турдали Кожоналиев SUPER.KG'ге билдирди.

"Экинчи жолу жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын да кызымдын көкүрөгүнө бычак менен жазылган тамгалар болгон эмес деп чыгарып беришти. Менин колумдагы далил сүрөттөрдү көргөзсөм, ал дефибриллятор аппаратынан калган так деп жатышат. Ошондо дарыгерлер дефибриллятор менен сүрөт тартып ойногон болуп калабы? Ал эми кызымдын өлүмүнө жол ачып берген милиция кызматкерлерине карата бир гана "шалаакылык" беренеси менен иш козголгону жатат. Бурулайдын өлүмүнө тиешелүү адамдар жазасын албай, иш ушуну менен жабылып калуу алдында турат.Бир нече күн мурун ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кабыл алмак. Ага жалгыз барбай адвокаттарым менен барайын десем, адвокаттарымдын соттук отуруму бар болгондуктан бошой албай калышты. Андан бери өзүбүз чакырабыз деген бойдон кабар жок.

Жогорудагы далил сүрөттөрдү элге жарыялайм десем, тергөөчү чыгарбоону өтүнгөндүктөн коё турайын дегем. Кайра эле андай жазуу жок деп жыйынтык чыгарып бергенден кийин, жок жазууну айтыптыр деп элге жалганчы болом. Ошондуктан бардык массалык маалымат өкүлдөрүнө айтарым, мендеги далил сүрөттөрдү жарыялап, бул иштин аягына чыгышына жардамдашсаңыздар. Анткени эл таразалап, эл чечпесе, башкалардан эч кандай майнап чыкпасына көзүм жетип калды", - деди Бурулайдын атасы.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, жигит 29 жаштагы Марсбек Б. экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марсбекке эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

29-майда Бурулай Турдали кызынын жансыз денеси жерге берилип, ошол күнү маркумдун атасы "кызымдын денесин майрам сууга алып жатып көкүрөгүнө Н+Б жана икс белгисин бычак менен жазылганын көрдүк. "Н" деген тамга бул кызыма куда түшүп кеткен баланын атынын баш тамгасы. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүргөнчө милициялар кайда жүрдү?" деп билдирген.

Бул маалыматты Чүй ОИИББинин башчысы болуп турган Нурлан Сарчаев калп деген. Анын айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. "Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон", - деген Сарчаев. 4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерлерине чара көрүлүп, анын катарында Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Бурулайдын өлүмү. Туулган күнгө белек ордуна күмбөз
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
kokboru
2018-08-10 10:19:36
Мен Сокеге түшүнбөдүм же ал калпеле сүйлөй береби? Кыздын жигитине барбайбы баары ачыкка чыгатго ошондо,эмне аны жашырып көргөзбөй жатышат же алда өлгөнбү? Менин оюмча кызданда мурун жигити өлгөн,жигитин өлтүрүп алышып анан кыздын көзүн тазалашкан,болбосо жигитин көргөзүшмөк
+8
Water
2018-08-11 00:51:27
kokboru,анда жигити олгон болсо анын туугандары унчукпай отурмак беле. Алар деле чыгышмак. Баланы мойнуна алдырышкан болуш керек милициялар. Эмнеси болсо да кыз байкуш жок болду, ичин куйуп эле кетет ойлосон. Ата энесине сабыр берсин!
+2
Byrmachach
2018-08-10 10:42:17
Менттердин айрымдары жакшы эмес десем, - Минусту" кыйрата басты эле бир макаладан. Эми бул иштин башында ким турат? Иш каерден башталып, каерден жыйынтыгы бурмаланып жатат? Жазасын Кудайым берсин ошо зөөкүрдүн, кызмат ордунан пайдаланган айбандын да жазасын берсин.
+6
Bacitgul
2018-08-10 10:42:58
Бул маселени Шавхат Мирзеевке айтса, бир күндүн ичинде чара көрүлмөк...тилекке каршы бизде андай эмес. Ата-энесине эле убал болду, чындык издеп,барбаган жери калбаптыр
+16
Nuri1988Elim2010
2018-08-10 10:53:26
Ээх эгер жабылса орган адамдары катыштыгы бардп
+3
Kaninaiman
2018-08-10 11:17:17
Милицияда куноо десек "Н" ди алар кайдан билет чын эле ала качкан бала олтургонбу деп калдым...
+2
muslim87
2018-08-10 11:33:49
Чынында аябай өкүнүчтүү окуя болду. Бирок болоор иш болду эми эмне кылсаңарда артка кайтара албайсыңар андыктан ушул кыздын жылаңач денесин элге көрсөтүп интернетке жариялагандан көрө ушул иштин жабылып калганы дурус болмок. Атасына айтаарым кызыңдын көкүрөгүн элге жариялагандан көрө тынч кой болду эми көрүндө тынч жатсын.
+1
karakyz23
2018-08-10 11:47:54
Бул жерде балага бир нерсе кылып алышкан анан кыз ага кубо болуп калды кызды олтуруу керек болду.Бирок эми ким билет.Неге ушуга чейин бала мындай сурак берди тигиндей сурак берди деп айтпай жатышат.Мен дагы ишенбейм бала олтургонуно.
+11
sabirdinovich
2018-08-10 11:54:14
Таластык бала өлтүргөн
-6
aerforce
2018-08-10 12:40:01
Бычак менен жазганы эксперт болбосоңда билинип туратко байкуш чырактай кызды жок кылдыңар
+6
ilgizk
2018-08-10 14:41:16
Бул жерде бирөөнү күнөөлөгөнүм үчүн АЛЛАХым өзү кечирсин,бирок менин жеке оюум, болуп койгон баланы да сурак кылыш керек, ошол баланын таанышы милиция кызматкери болуп ортодо уруш чыгып кызды өлтүрүп алышкан болушу мүмкүн.
+5
Milashkaa
2018-08-10 15:27:08
Милициялар эле олтуруп коюшту... Бул жерде чооон сыр жатат. Ушул окуя болгондо эле жигит олтурду деп ишенген эмесмин
+4
murat17
2018-08-10 18:11:41
ай байкуш кыздын арбагын чыркыратпай соокту жерге бериш керек аны кайра кайра казып чыгаруу бул чон куноо арбак кыйналат кыздын атасына сабыр тилейм кызыныз шейит кетти ал бейиштик аллахтын убадасы бар шейиттер учун ал кызды ким олтурсо да ал учун аллахтын каары жана туболук тозок бул да аллахтын окуму
+4
azimova90
2018-08-10 23:29:29
Ел калын журт чогулуп камактагы баланын ата енесинин уйуно барып каттуу сурак алганда гана чындык чыгат бала да болгонун айтат акыры.Кысымга алыш керек елге койсун баланы чыгарышсын.Ким емне дейт?
0
nurhan2702
2018-08-11 16:54:03
Ким олтургон болсо да каргыш урсун .
0
Aidar151080
2018-08-12 10:18:33
Эми, байкуш кызды жөн койгула да. Экспертизага бербей эле коюш керек болчу. Канча жерин кесип, канча органын алып салды. Бир АЛЛАХ ка коюп коюш керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан