Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча кылмыш ишинин тергөө амалдары аяктап, Жайыл райондук сотунда биринчи соттук отурум болуп өттү. Анда эки тараптын келтирген өтүнүчү менен кийинки соттук отурум Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 5-сентябрда Бурулай Турдали кызы тараптын жактоочусу Назира Абдумоминова билдирди.
"Бүгүнкү соттук отурум эки тараптын келтирген өтүнүчүн кароо менен аяктады. Судья биздин өтүнүчтү канааттандырып, бул ишти Свердлов райондук соту карамай болду. Азырынча соттун боло турчу күнү белгилене элек. Анткени райондук сот иш кагаздары менен таанышып бүткөн соң гана убактысы белгилүү болот", - деди жактоочу.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак: 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.
Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс.Б. экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марска эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.
29-майда Бурулай Турдали кызынын жансыз денеси жерге берилип, ошол күнү маркумдун атасы "кызымдын денесин майрам сууга алып жатып көкүрөгүнө Н+Б жана икс белгисин бычак менен жазылганын көрдүк. "Н" деген тамга бул кызыма куда түшүп кеткен баланын атынын баш тамгасы. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүргөнчө милициялар кайда жүрдү?"деп билдирген.
Бул маалыматты Чүй ОИИББинин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаев калп деген. Анын айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. "Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон", - деген Сарчаев. 4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерлерине чара көрүлүп, анын катарында Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.