Бурулайдын соту боюнча судья өкүм чыгаруу үчүн сот залынан чыгып кетти

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча райондук соттун чечими бүгүн, 11-декабрда чыгышы күтүлүүдө.

Соттук отурум Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралууда.

Айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, анда Марс Бөдөшов жана Акмат Сеитов ишти акыйкат карап берүүнү өтүнүп, башка сөз айтпастыгын билдиришти.

Сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан