Депутат Төрөбай Зулпукаров: "Мечиттердин көбөйгөнүнө сүйүнүшүбүз керек"

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышында: "Кыргыз өлкөсүндө мектептен мечит көп. Бул жакшы көрүнүш. Кээ бири мектептен мечит көбөйүп кетти деп айтат. Мечит көбөйсө ыймандуу балдар көбөйөт" деп айтты. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков да Курбан айт майрамы күнү "муфтият өкүлдөрүнүн насааттарын уксак, өлкө тез өнүгөт" деп элди куттуктаган. Өлкө башындагы эки таасирдүү адамдын мындай диний чакырыктарын светтик өлкөнүн коомчулугу кызуу талкуулап, айрымдары сындаса, кээ бир жарандар колдоого алган. Бул талкуу бүгүн да уланууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Светтик өлкөнүн бийлик башчыларынын "мечиттер көп болгону жакшы" деп чакырык таштаганы туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров жооп берди.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет.

"Мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган дегени - бул атеисттик мамлекет же динди таптакыр басмырлап, жок кылуу дегенди түшүндүрбөйт. Кээ бирөөлөр светтик деген сөздү атеисттик өлкө деп алмаштырышууда. Светтик деген кайсы дин болбосун аларга көмөк көрсөтүп, алардын өнүгүүсүнө жол ачкан түшүнүк. Православ, ислам жана башка диндердин өнүгүшүнө мамлекет жол ачышы керек. Дин десе улуттук каада-салтты кас койгон же болбосо мусулман динин христиан динине каршы койгон аракеттер бул экстремисттик аракеттер болуп эсептелет.

Мечиттердин көбөйгөнүнө сүйүнүшүбүз керек. Мектептердин дагы көбөйүшүнө салым кошушубуз зарыл. Христиан же мусулман болобу Кудайды улуктап, Кудайга сыйынган адамдар көп болсо, анын эмнеси жаман? Биз Кудайга сыйынбаган адамдардан коркушубуз керек", - деди Зулпукаров.

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев, мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан