Экс-президент Алмазбек Атамбаев Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясына катышат

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда КСДПнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара 24-27-октябрда Москва шаарында өтөт. Анда Азия, Африка, Латын Американын партияларынын лидерлери жана өкүлдөрү экстремизмге каршы күрөшүү маселесин талкуулашат. Ошону менен катар эле суверендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө маселелери боюнча тегерек стол өтөт.

Ал эми 22-23-октябрда Алмазбек Атамбаев бир тууган жеңеси Шаршенованын көзү өтүп кеткенине байланыштуу Санкт-Петербург шаарына барып, акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат.

28-октябрда Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарына кайтып келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан