Нариман Түлеев учакта Алмазбек Атамбаев менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

Экс-мэр Нариман Түлеев учакта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен түшкөн сүрөтүн социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады. Бул сүрөт коомчулукта кызуу талкууланууда. Бир аздан соң Түлеев Атамбаев өзү биринчи келип учурашканын жазды. "Мен андан "качтыңбы" деп сурадым. Ал кайтып келе турганын айтты. Эмне жөнүндө сүйлөшүүлөр болгонун кийин толугу менен жарыялайм", - деп жазды экс-мэр.

"Мен аны көргөндө өзүмдү кармай албадым. Орой, катуу, сөгүнүп сүйлөдүм. Бирок кийин ал өзү келип, колун сунду. Мени улууларды урматтоо керек деген тарбия алгандыгымдан жооп катары ага кол сундум. Ошентип 3,5 саат сүйлөштүк.

Мен анын саясаты тууралуу оюмду айтып бердим. Анын тушунда кадрлары өлкөнү, элди тоноп, бирөөнүн бизнесин жана мүлкүн тартып алганын айттым. Анын элге берген убадаларынын аткарылбаганы, күч жана сот органдарындагы реформалардын ишке ашпаганы тууралуу да айттым. Мунун баарын ал билгенби же билген эмеспи, билбейм. Мындай сөздөрдү ага 6 жыл ичинде кимдир бирөө ага айтканбы, билбейм. Бирок мен айттым. Мени жана башка сын айткан адамдарды бекер укпаганын айттым. Ал башын ийип отурду", - деп жазды Түлеев.

Түлеев буга чейин Атамбаев менен бир учакта учуп баратканын билдирип, пост жазган.

Быйыл май айында КСДП Түлеев Атамбаевден бир нече жолу кечирим сураганын билдирген. Ал эми Түлеев бул маалыматты четке каккан.

Нариман Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. 2013-жылы коррупциялык иштер боюнча айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган. 2016-жылы анын иши мунапыска туура келип, эркиндикке чыккан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан