Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев эч бир кылмыш ишке фигурант эмес. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынан (Каржы полициясы) кабарлашты.
Аталган мекеме өндүрүштөгү кылмыш иштерди иликтеп көрүп, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков айтып чыккан Бакыт Шаршембиев 8 кылмыш ишинин фигуранты деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдиришти.
"Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын иш өндүрүшүндө бир катар кылмыш иштери турат, алар боюнча Бакыт Шаршембиев күбө статусуна ээ, бирок эч кандай фигурант эмес. Аталган адамга карата түздөн-түз козголгон кылмыш иши жок”, - деди маалымат катчы.
Эл өкүлү айтып чыккан маалыматтар Бакыт Шаршембиевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилүүдө деп, анын адвокаттары Рыскелди Момбековду сотко берерин маалымдашты.