Депутат Момбеков: "Байланыш комитетинин төрагасы Шаршембиев мени сотко берсе берсин, сотто кездешким келип жатат"

Депутат Рыскелди Момбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев менен соттошууга даяр. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Момбеков өзү билдирди.

Момбеков сотто Шаршембиевден эч бир кылмыш ишине тиешеси жок экенин далилдеп берсин деп талап кыларын айтты.

"Биринчиден, Бакыт Шаршембиев каалаган сотуна кайрылсын. Экинчиден, ар-намысы бар экенин жана ар-намысы ошончо акча турарын далилдеп берсин. Мен билгенден соттун чечимдери боюнча, Өмүрбек Текебаевдин ар-намысы 10 миң сом, Ирина Карамушкинаныкы 5 эле миң сом болгон. Бул соттун чечими, факт. Ар-намысы бар адамдар ар-намысын соттон эмес, абийиринен издейт.

Бул "бир дагы иште фигурант эмесмин, 2 иште күбөмүн" деп айтып жатат. Юридикалык тастыктама боюнча "фигурант" деген шектүү адам, күбө, айыптаган адам. Бул үчөө тең "фигурант" болуп эсептелет. Ал ошону түшүнбөй эле айтып жатат. Мен 8 кылмыш ишинде түздөн-түз болбосо дагы, кыйыр түрдө тиешеси бар деп айттым.

Бул кылмыш иштеринде таптакыр тиешеси жок экенин далилдеп берсин. Кандай болгон күндө да ал мени соттон ута албайт. Себеби бул кызматта турган, мында моралдык жоопкерчилик бар болчу. Өзүнүн кол алдында иштеген адамдардын кылмышка аралашуусу анын ишке тиешеси бар экенинен кабар берет. Жетекчи деген өзү иштеген тармакта кынтыксыз, кылмышсыз иш алып барышы кажет. Сотко берсе берсин, аны менен сотто кездешким келип жатат", - деди Момбеков.

Буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду өзүн "8 кылмыш иши боюнча фигурант" деп ар намысына шек келтирип жана моралдык зыян келтиргени үчүн 1 миллион сом төлөп беришин талап кылып сотко кайрыларын билдирген.

18-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Рыскелди Момбеков "Коопсуз шаар" тууралуу пикирин айтып жатып, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев боюнча сүйлөгөн. "Шаршембиевди кызматка алып келгенде, "5 кылмыш иши бар" десем ушак дегенсиңер. Мен жакында анын 9 кылмыш иши бар экени боюнча маалымат алдым. Мен жакында өлкө башчыга да, өкмөт башчыга да ушул козголгон кылмыш иштер боюнча маалыматты берем", - деген Момбеков.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eddi.
2018-10-23 17:25:40
Давай Момбеков,делай я здесь.Шаршембиев менен соттош
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан