Бүгүн, 14-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жарандыгына байланыштуу сот иши токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 14-ноябрда жактоочусу Сергей Слесарев кабарлады. Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Кулматовдун жарандыгы боюнча сотко берген арызын кайтарып алды.
"Сот отуруму башталганда департамент тарабынан ишти кароосуз калтырып, арызды кайтарып алуу боюнча кат келгени белгилүү болду. Ишти караган судья департаменттин өтүнүчүн канааттандырып, ишти кароону токтотту. Ушуну менен эч ким арыз бербегендей болуп иш токтотулду. Менимче, департамент Кулматовдун паспорту жараксыз экендиги боюнча сотко арыз бере албай турганын түшүндү окшойт", - деди Слесарев.
Аталган департамент ушул жылдын август айында Кулматовдун ID жана жалпы жарандык паспортун жараксыз деп табуу боюнча Биринчи Май райондук сотко арыз берген. Анда Кулматов 1996-жылы Орусиянын жараны болуп туруп Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алганы көрсөтүлгөн.
Учурда Кулматов УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылып жатат.