Бүгүн, 10-декабрда Биринчи Май райондук сотунда экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасына байланыштуу соттук отурум өтмөк. Бирок тергөөчү келбей калганына байланыштуу сот башка күнгө жылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
"Буга чейин мен Жогорку Соттун соттор коллегиясы тарабынан эреже бузууга жол берилгенин айтып чыккам. Тергөөнүн жана прокуратуранын жүргүзгөн иштерине байланыштуу даттануу менен сотко кайрылгам. Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовду 31-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин мыйзамсыз кабыл алган. Себеби буга башка иш боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы алынган. Тергөөнүн убактысын мынча узартууга укуктары жок. Бирок бүгүнкү соттук отурумга тергөөчү келбей койгонуна байланыштуу ишти караган судья отурумду 14-декабрга саат 15:00гө дайындады", - дейт Слесарев.
Окуянын чоо-жайы:
18-майда Кубанычбек Кулматовго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алкагында ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деген айып тагылган.
5-июнда ал УКМК тарабынан камакка алынган.
14-июнда ага карата дагы бир кылмыш иши козголуп, ал "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелеринин негизинде ачылган. УКМК Кулматов Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деп маалымат тараткан. Кубанычбек Кулматов ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.