Бүгүн, 18-июнда Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралууда. Башында соттук отурумга Кулматовдун жубайы жана жакын туугандарынан 3-4 адам гана киргизилген. Андан соң журналисттерге да кирүүгө уруксат берилди, бирок видео тартууга тыюу салынды.
Эске салсак, 5-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралып, ал 28-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулганын УКМКдан маалымдашкан.
Айта кетсек, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.