Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 51 жаштагы жарандын жансыз денеси өз үйүнөн табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жансыз дене бүгүн, 6-декбрда саат 13:00дө табылган.
"Окуя болгон жерге барган ыкчам топ, каза болгон адам Ноокен районунун Масы айылынын 51 жаштагы Р.И. аттуу тургуну экенин аныкташкан. Маркумдун денесине алгачкы кароо жүргүзгөндө анын киши колдуу каза болгону аныкталган. Учурда Ноокен РИИБи "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүнү издөө иштери жүргүзүлүүдө", - деди басма сөз кызматкери.