УКМК коммерциялык банктардын биринен табылган акчаны Дүйшөнбек Зилалиевдики деп көрсөттү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдики делген акчага байланышкан дагы бир видеону интернетке таратты.

Маалымат кызматы "Зилалиевдин 2018-жылдын сентябрына чейин коммерциялык банктардын бирине сактап жүргөн 889 миң 900 доллар акчасы табылган" деп көрсөтөт.

УКМКнын маалымат кызматы 10-декабрда дагы Зилалиевдин үйүн тинтүү маалында тартылган видеону тараткан. Анда Зилалиевдин үйүнөн 2 миллион 900 миң сом жана 100 миң доллар табылганы, "Ордо" шаарчасында жайгашкан үйү, Бишкектин борборундагы эки кеңсе имараты жана жер тилкеси көрсөтүлгөн.

Ушул жылдын 7-декабрында "мыйзамсыз байыган" деген айып менен Дүйшөнбек Зилалиев УКМК тарабынан кармалган.

УКМК Дүйшөнбек Зилалиевдин коммерциялык банктардын биринен табылган акчасын көрсөттү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
AIA-TOO
2018-12-11 19:00:25
Бул эски сүрөтко, жайкы тапочка менен кара буттар жүргөнүнө караганда).
+1
Merch
2018-12-11 21:49:36
AIA-TOO,Банктын ичинде жеңил кийим менен жүрөт го дейм...
+1
Alinur96kg
2018-12-11 19:36:28
Бишкекте жай айы го.
+1
Skarlett-Skarlett
2018-12-11 19:43:06
Ар бир чиновниктен ушунчадан чыкса...Боорунарды эле жеп калгыла акмактар!!!Жээнбековтор эле таза бекен???
+9
Apyn8793
2018-12-11 20:00:14
Мыйзамсыз баю деген статья барбы
0
Azi81
2018-12-11 21:55:01
Акча долларларын коргондо 45градус ыссык болуп кетти да,кыныр иш кырк жылда эмес торт жылда билинет
0
Aiymkunumjyldyzym
2018-12-11 22:54:33
Oozgo soz da kelbeit uwul bizdin kyzmatkerlerdin uwundailaryn okugandachy.Bulardy tizip alyp ar bir kyrgyzstandyk birden atkylap chyksa da azdyk kylat.Misaly karapaiym adam Biroonun 20 somun uurdap alsa owol dagy jukpai tuwup kalat eken,uwul jep jutarlarga kantip jugat bilbeim
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан