Дүйшөнбек Зилалиев өзүнө жана жакындарына карата басым болуп жатканын айтып билдирүү таратты

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин атынан ага карата козголгон кылмыш ишинин айланасындагы абал боюнча билдирүү таратылды. Анда өзүнө жана жакындарына карата басым жасалып жатканы жазылган.

"Мага менин туугандарым, жакындарым аркылуу катуу басым жасалып жатат. Ар кандай коркутуулардан тышкары мыйзамсыз иш-аракеттер да жасалууда. Менин гана мүлктөрүм камакка алынбастан, мени менен катышы бар же жогун аныктабай туруп, бардык туугандарымдын да мүлкү камакка алынып жатат. Тергөөчүнүн мүлктү камакка алуу боюнча токтомунда мага тууган да, тааныш да эмес адамдардын 5 кыймылсыз мүлкү жазылган. Башкача айтканда, ал адамдар менен такыр көрүшкөн эмесмин. Бул УКМК тиешелүү деңгээлде иликтебей туруп, шашкандыгын билдирет. Сотто чечишебиз деп үмүт кылам.

Мындан тышкары, менин пенсиядагы ата-энемдин пенсия алган карталарын, башка туугандарымдын маянасы которулган карталарын камакка алышкан. Башкача айтканда, адамдар пенсиясыз жана айлыксыз калышты", - деп жазылат анда.

Ошондой эле билдирүүдө, Зилалиев кармалгандан кийин өзүнүн жана аялынын ата-энесинин үйүнө одоно тинтүү жүргүзүлүп, атасы жүрөк оорусу кармап ооруканага жатканы белгиленген.

"Андан кийин атама операция жасалды. Мындан тышкары балам да ооруйт. Өткөн жылдын күз мезгилинде, февраль айында Москвадан операция жасатууну пландап жатканбыз. Орусияга чыгууга уруксат алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылсак бир айдан бери жооп жок.

Дагы бир козгобой эле коеюн деген тема бар. Мени кармап кеткен убакта, өткөн жылдын 7-декабрында аялым 2 айлык кош бойлуу болчу. ЖМКлар жазган маалыматтардан, УКМКнын басымынан улам сарсанаа болуп жатып боюнан түшүп калган. Бул нерсени кечире албайм. Мындай башаламандыктын артында ким турса да эртеби, кечпи жооп берет", - деп жазылат Зилалиевдин атынан жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле анда "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен иш козгоонун өзү туура эмес болгонун белгилеп, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоону токтотууга чакырган.

Окуянын чоо-жайы:

Зилалиевге 2017-жылдын 1-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен иш козголуп, 2018-жылдын 18-октябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту шарттуу түрдө 3 жылга соттогон. Буга жактоочулары макул эместигин билдирип, шаардык сотко арыз менен кайрылышкан болчу. 15-январда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ал эми 2018-жылдын 7-декабрында ага "мыйзамсыз байыган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, кармалган. Ошол эле күнү сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан