"Кантип бул жерде отурат?" Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министрин тургузуп катуу сынга алды

Бүгүн, 14-декабрда Бишкекте Коопсуздук кеңешинин отуруму өтүүдө. Анда президент Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алды. Буга чейин министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалган.

"Бул пара алуу фактысы боюнча күнөөлүүлөрдүн бардыгын жоопко тартыш керек. Бүт дүйнөгө уят болдук. Транспорт министри Коопсуздук кеңешинин жыйынында кантип отурат?!" - деп Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айтты.

5-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Тергөө абагына киргизилген Азимкан Жусубалиев аталган кызматка Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда анын буйругу менен 2017-жылдын февраль айында дайындалган.

Президент ыйгарым укугунан аша чапты деп сынга алынууда
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан