Азимкан Жусубалиев транспорт жана жол министринин орун басары болуп дайындалды

Азимкан Жусубалиев (сүрөттө) Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка 13-февралда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүк аппараттан билдиришти. Жусубалиев буга чейин өкмөттүк аппараттын транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп келген.

Аталган кызматты буга чейин ээлеп келген Эркин Осоев 2017-жылдын 1-февралында жазган арызына ылайык кызматтан бошотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан