КТРКнын директорлугуна Жайнак Үсөн уулу тандалды. Бүгүн, 6-мартта Байкоочу кеңештин мүчөлөрү талапкерди тандоо жыйынында жашыруун добуш берүү өткөрдү.
Анын жыйынтыгында Жайнак Үсөн уулу Байкоочу кеңештин 13 мүчөсүнүн добушуна ээ болду. Болотбек Тиллебаевге 1 добуш, Галина Байтерековага 1 добуш берилген. Байкоочу Кеңештеги жалпы 15 адам добуш берүүгө катышты.
КТРКнын башкы директору 19-мартта ишине киришет.
Буга чейин талапкерлердин бири Мирлан Самыйкожо талапкерлигин алып салып, Байкоочу кеңешти акыйкат чечим кабыл алууга чакырган.
1-мартта Байкоочу кеңеш 17 талапкердин программасын угуп, жыйынтыгында Адил Турдукулов, Сураган Босумбаева, Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Замирбек Казакпай уулу жана Болотбек Тиллебаевди финалдык турга өткөргөн.
КТРКнын директору болууга алгач 22 адам арыз берген. Бирок Жылдыз Муслимова, Элдар Аттокуров жана Бөлөкбай Шеримбековдун документтери толук болбой калганы үчүн жарыштан четтеп калышкан. 28-февралда телеканалдын учурдагы директору Илим Карыпбеков кайра директор болуудан баш тартып, арызын кайтарып алса, дагы бир талапкер Каарманбек Кулуев маектешүүнү скайп аркылуу жүргүзүүнү айткандан кийин тизмеден чыгарылган.
Жайнак Үсөн уулу 44 жашта. Буга чейин НТС телеканалын жетектеп келген. Андан мурун "Санариптик технологиялар" ЖЧКсынын башчысы болгон. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинен жана Москвадагы эл аралык бизнес институнун стратегиялык башкаруу бөлүмүнөн билим алган.
Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 2 уулу бар.