30-декабрдан 31-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана жолдор тайгалак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу, Чапчыма ашуусу, Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылын кыйындатат.