"Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын саат 22:00дө беребиз" деп бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
"Жалпысынан добуш берүүгө бардык участкалар даяр. Бул шайлоо эпидемиологиялык абалда өткөрүлүп жатат. Жарандардын ден соолугун коргоо үчүн өкмөт БШК менен биргеликте атайын алгоритм иштеп чыккан. Шайлоо участкаларында ар бир эки саат сайын дезинфекция өткөрүлүп турат. Ар бир шайлоочуга бет кап жана кол кап берилет. Жарандарды аралыкты сактоого чакырабыз. Бүгүн саат 20:00гө чейин добуш берүү жүргүзүлөт", - деди ал.