Ош шаардык мэриясынын алдындагы шайлоо участкасында көптөгөн шайлоочулар топтолуп, кезек талашууда. Алардын арасында кичи автобустар менен ташылган кишилер да бар. Кезекти талашып жаткандар социалдык аралыкты сактабай турушат. Бул тууралуу окурман билдирди. Айтымында, шайлоого катышуу үчүн келген эл кезек күтүп, бири-бири менен урушуп жатышат.