"Аягы көрүнбөйт". Орусияда өтүп жаткан шайлоо жүрүшүнөн фоторепортаж (видео)

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Кыргыз өлкөсүнөн тышкары чет жерде дагы шайлоо участкалары ачылып, сыртта жүргөн мекендештерибизге добуш берүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Учурда Орусиядагы шайлоо участкалардын биринде добуш берип чыккан мекендешибиз Айнагүл Сатыбалдиева SUPER.KG порталына шайлоонун жүрүшү тууралуу айтып берди.
"Кезек аябай көп, бул жактагы мекендештер жумуштарына, кээ бирлери эс алуу күнүнө карабай 2 саат күтүп, кезеги жеткенде шайлоого кирип жатышат. Мен Москва шаарында №9005 участкасында добушумду берип чыктым. Милиция кызматкерлери баш болгон ыктыярчылар тартипти көзөмөлдөп жатышат. Добуш берүүдө биз үчүн кыйынчылыктар деле жаралган жок. Айымдарга кезек берип, биринчилерден киргизип жатты", - деди Москвада жүргөн мекендешибиз Айнагүл Сатыбалдиева.
Москва шаарында шайлоого кезек күтүп турушат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jergetal
2020-10-04 18:36:38
3 саат дегенде араң кезегим жетти го дал ушул жерде, туулган жерим үчүн ошого да ыраазы болуп шайладым, мындан бир нече күн мурун келип каттоодон өтүп кеткенбиз ошондо кичинекей баракча берген шайлоо участкасынын номерин жазып 9001 эле, бүгүн келсем базага 9005 кылып киргизип коюшуптур көбүнүкүн эле, муну менен мындай ой келди, бийлик атайлап чоң кезекти жараттыбы деген көпчүлүк адамдар 3-4 саат кезекте тура албай кетип калышты...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан