БШКнын төрайымынын орун басары: "Өлкөдө саат 18:00гө карата 1 миллион 594 миң 763 шайлоочу добуш берди"

Өлкөдө саат 18:00гө карата 1 миллион 594 миң 763 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Жалпы 43,26 пайыз шайлоочу добуш берди. Бишкек шаарында 223 миң 119, Ош шаарында 101 миң 271, Жалал-Абад облусунда 303 миң 450, Ысык-Көл облусунда 117 миң 450, Нарын облусунда 79 миң 939, Ош облусунда 317 миң 927, Талас облусунда 69 миң 263, Чүй облусунда 260 миң 432, Баткен облусунда 115 миң 358 шайлоочу добуш берди. Чет өлкөдө уюштурулган тилкелерде 6 миң 554 шайлоочу добуш берди", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Syimyk.isaev
2020-10-04 19:12:30
Бүтүн Кыргызстан көпчүлүк мандат м-н өтсө чекеден кырат коррупционерлерди буйруса.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан